Башкы бетке Рубрикасы жок Ысык-Көлдө мини-дрон кулады

Ысык-Көлдө мини-дрон кулады

0
404

Тамчы айылынын аймагына Балыкчы шаарындагы полигондо машыгуу учурунда колдонулуп жаткан тактикалык мини-дрон кулады. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Атайын кызматтын айтымында, техника Тамчы аэропортуна кирип келе жатканда кырсыктаган.

Жабыркагандар жок. Сыноо жүргүзүп жаткан адистердин тобу окуянын себебин иликтемекчи.

УКМКдан Чек ара кызматынын карамагындагы Bayraktar зыянга учурабагандыгын (талкаланбагандыгын) айтышты.

Учурда Тамчы аэропортунун аймагы күйүп кеткен мини-дрондун калдыктарынан тазаланып жатканын кошумчалашты.

Мурунку макалаАйбек Артыкбаев Монголиянын Санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана коммуникациялар министри менен жолугушту
Кийинки макалаДепутат Ч.Айдарбеков «Өнүгүү лидерлеринин форуму-2024. Интеллектуалдык лидерлик» аттуу форумдун ачылышына катышты

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз