Башкы бетке Рубрикасы жок Токтогон Алтыбасаровага эстелик коюлду

Токтогон Алтыбасаровага эстелик коюлду

0
934

Ысык-Көлдө Токтогон Алтыбасарова арналган тарыхый экспозиция ачылды.

Иш-чарага жергиликтүү бийликтин, Коргонуу министрлигинин, РФтин Кыргызстандагы элчилигинин жана башка тараптардын өкүлдөрү катышты.
Аны салттуу баалуулуктарды сактоо боюнча аялдардын биримдиги уюштурса, эстелик “Мээрим булагы” фондунун демилгеси менен даярдалган. Ал Түп районун Ак-Булуң айылында жайгашты. Мындан сырткары Энелер аллеясын көрктөндүрүштү.

Токтогон Алтыбасарова  Улуу Ата Мекендик согушта блокадаланган Ленинграддан Кыргызстанга жөнөтүлгөн 150 баланы канатына калкалаган. Ал кезде Алтыбасарова болгону 18 жашта эле. Кийин согуш аяктап, баккан балдарынын бир даары туулган жерине кеткенден кийин да кол үзбөй, көбү менен байланышып турган. Алар бул мээримдүү аялды Токтогон апа дешкен. Алтыбасарова 2015-жылы көз жумган.

 

Мурунку макалаБаткенде медакадемиянын окуу-дарылоо комплексинин курулушу аяктады
Кийинки макалаИндонезияда питон аялды жутуп алды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз