Башкы бетке Коом Бишкектеги 2500 үй-бүлө ноябрь айынан тарта турак жайлуу болот

Бишкектеги 2500 үй-бүлө ноябрь айынан тарта турак жайлуу болот

0
397

Бишкектеги 2500 үй-бүлө ноябрь айынан тарта турак жайлуу болот. Бул тууралуу Президенттин иш башкармасынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди.

Анын айтымында, борбор калаада 9895 үй-бүлөгө батир курулууда. Ошондой эле жакында «Ынтымак конушунда» 8100 батир салынып баштады.

«2-3 жыл аралыгында Бишкек шаарында кезекке турган бардык жарандар батир менен камсыз болот», — деди ал.

Каныбек Туманбаев белгилегендей, учурда өлкө боюнча 610 турак жайдын курулушу жүрүүдө. 32 777 батирлүү турак жай салынып жатат. Жалпысынан алардын аянты 2 млн 600 миң чарчы метрди түзөт.

Мурунку макалаМуфтий Абдулазиз Закиров ыйык Медина мечинин имамын кабыл алды
Кийинки макалаИпотекалык үйлөр 4 жана 8% менен берилүүдө

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз