Башкы бетке Рубрикасы жок Жер казынасы жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Жер казынасы жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

0
1357

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (КР Укук бузуулар жөнүндө кодексине, “Жер казынасы жөнүндө” КР мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жана “Кыргызстанда уран, торий кендери чыккан жерлерди издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндө” КР мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу” КР мыйзамына кол койду.

Бул мыйзам 2024-жылдын 13-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Экологиялык коопсуздукту камсыз кылуунун, өлкө үчүн стратегиялык маанилүү ресурстарды пайдалануунун жана Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүнүн ортосундагы тең салмактуулукка жетишүү максатында мыйзам менен Кыргызстандын уран жана торий кендерин издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөөгө байланыштуу иштерди жүргүзүүгө тыюу салуу жокко чыгарылууда.

Мурунку макалаБишкекте “Эргүү” улуттук театр сыйлыгын тапшыруу аземи өттү
Кийинки макалаЕККУ Кыргызстан менен өз ара аракеттенүүсүн активдештирүү ниетинде

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз