Башкы бетке Министрлер кабинети Тоолуу аймактарында сел жүрүү коркунучу бар

Тоолуу аймактарында сел жүрүү коркунучу бар

0
445

Кыргызстандын тоолуу аймактарында сел жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-августан 19-августка чейин чейин күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Жарандарга бийик тоолордо жүрүш жасоону жана саякаттоону, капчыгайларда, дарыя жээктеринде эс алууну башка күндөргө жылдыруу сунушталат.

«Эгер кандайдыр бир өзгөчө кырдаалдын күбөсү болсоңуз токтоосуз 112 кызматына билдириңиз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат», — деп айтылат маалыматта.

Мурунку макалаПрокуратура жана маалыматтык технологиялар
Кийинки макалаАйтматов районунда жолго асфальт төшөө иштери жүрүп жатат

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз