Башкы бетке Рубрикасы жок Айтматов районунда жолго асфальт төшөө иштери жүрүп жатат

Айтматов районунда жолго асфальт төшөө иштери жүрүп жатат

0
436

Айтматов районунун Бакайыр айылынын Манас көчөсүнө асфальт төшөлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган жолго асфальт төшөө планы Капиталдык салымдар беренесинин негизинде киргизилген. Учурда 583 метр асфальт төшөлдү.

Мындан тышкары, райондун №6 Жол тейлөө ишканасы тарабынан титулдук тизме боюнча Көк-Сай – Кайнар, Көк-Сай – Арчагүл унаа жолдоруна 3420 метр асфальт төшөлүп, элге толук каттам ачылган.

Асфальт төшөөдөн тышкары райондун аймагында аң-чөнөктөрдү оңдоо, жолдун четин тазалоо, жол сызыктарын чийүү жана аялдамаларды актап- сырдоо иштери аткарылган.

Мурунку макалаТоолуу аймактарында сел жүрүү коркунучу бар
Кийинки макалаКыргызстан кулпунай менен малинанын экспортун көбөйттү

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз