Башкы бетке Коом Кыргызстан кулпунай менен малинанын экспортун көбөйттү

Кыргызстан кулпунай менен малинанын экспортун көбөйттү

0
429

Кыргызстан коңшу Казакстан менен Россия өлкөлөрүнө мөмө-жемишти экспорттоонун көлөмүн көбөйттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, акыркы 8 айда Кыргызстан 4616,6 тонна кулпунай экспорттогон. Бул өткөн жылга караганда 20,5% га көп, ал эми малина 1470 тонна эскпорттолуп, бул мурунку жылга салыштырмалуу дээрлик 36,4% га жогорулаган.

Ошондой эле, 2024–жылдын январь-май айларында өлкөдөн 236 миң 572 тонна, 10,9 млн. даана жана 1 134 м3 карантинге алынган продукция экспорттолуп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу товарлардын экспорту 28 миң 280 тоннага, 7,2 млн. даанага жана 273 куб метрге көбөйгөн.

Мурунку макалаАйтматов районунда жолго асфальт төшөө иштери жүрүп жатат
Кийинки макалаАймактарда автобекеттерди оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз