Башкы бетке Коом Өлкөдө Meken бренди ата мекендик ноутбуктар чогултула баштады

Өлкөдө Meken бренди ата мекендик ноутбуктар чогултула баштады

0
757

«Кыргызиндустрия» ААКнун туунду ишканасы «Кыргызэлектроника» ЖЧКсы өз өндүрүшүнүн негизинде Meken брендиндеги ноутбуктарды чогултуу процессин баштады.

Компания буга чейин Acer, Lenovo сыяктуу көптөгөн дүйнөлүк бренддердин атынан ноутбуктар жана планшеттер үчүн тетиктерди чыгарган атактуу кытайлык Clovertek Industries компаниясынан электрондук компьютерлердин жана жабдуулардын сыноо үлгүлөрүн алган.

 

Бул Кыргызстандын жарандарына, анын ичинде окуучуларга жана студенттерге жогорку сапаттагы ноутбуктарды, хромбуктарды жана планшеттерди арзан баада сатып алууга мүмкүндүк берет.
Ишкананын бардык продукцияларын ke.kg сайты аркылуу байланышып буйрутма берсеңиз жана таанышсаныз болот.

Белгилей кетсек, «Кыргызиндустрия» ААК быйылкы жылга бир катар чечкиндүү пландарды коюп, учурда аны ишке ашыруу максатында конкреттүү иштерди аткарып жатат.

Мурунку макалаКыргызстандан Россияга сүт жана балык азыктарын ташууга киргизилген чектөөлөр алынды
Кийинки макалаКыргызстанда селден келтирилген чыгым 1 миллиард 100 миллион сомдон ашты

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз