Башкы бетке Рубрикасы жок Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Россияга барат

Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Россияга барат

0
135

11-13-декабрда Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Россиянын Москва шаарына барат.

Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумуш сапарынын алкагында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйындарына катышат.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында өнөр жай тармактарындагы биргелешкен кызматташуу долбоорлоруна каржылык жардам көрсөтүү, газ, мунай жана мунай продуктуларынын жалпы рынокторун түзүү, Евразия экономикалык биримдигинин алкагында электрондук сооданы өнүктүрүү жаатындагы маселелер каралат. Жыйындын соңунда бир катар документтерге кол коюлат.

Мурунку макалаДүйнөлүк банк Кыргызстандын социалдык-экономикалык бакубаттуулугу чыңдалганын тастыктады
Кийинки макалаПрезидент Садыр Жапаров Эл аралык тоолор күнү менен куттуктады

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз