Башкы бетке Дүйнө Астанада ШКУ саммити башталды

Астанада ШКУ саммити башталды

0
1409

Казакстандын Астана шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны башталды.

Иш-чарага Казакстан, Индия, Иран, Кытай, Кыргызстан, Пакистан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан, Беларусь, Монголия, Азербайжан, Катар, Түркия ж. б. мамлекет жана өкмөт башчылары катышууда.

ШКУ өлкөлөрүнүн лидерлери уюмдун форматында көп тараптуу жана көп векторлуу кызматташуунун маанилүү маселелерин, ошондой эле регионалдык жана эл аралык саясаттын маселелерин талкуулайт.

Жогорку деңгээлдеги жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин Астана декларациясына кол коюлат.

Ошондой эле ШКУга мүчө-өлкөлөрдүн саясий, экономикалык, энергетикалык жана башка чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүүсүн бекемдөөгө, ошондой эле Шанхай кызматташтык уюмунун ишмердүүлүгүн кеңейтүүгө жана өркүндөтүүгө багытталган макулдашууларга жана документтерге кол коюу пландаштырылууда.

Соода-экономикалык мамилелерди жана туризмди өнүктүрүүдө экологиялык маселелерге, регионалдык жана эл аралык коопсуздукка, санариптик технологияларды андан ары өнүктүрүүгө көп көңүл бурулат.

Мурунку макалаКөлбаевдин жакын тууганына катталган 21,3 миллион сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды
Кийинки макалаБорбор Азия өлкөлөрүнүн футболчулары Ошко келди

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз