Башкы бетке Коом Эмгек министрлиги: «8,6 миңге жакын үй-бүлө 100 миң сом алууга арыз берди»

Эмгек министрлиги: «8,6 миңге жакын үй-бүлө 100 миң сом алууга арыз берди»

0
1302

 Бүгүнкү күндө мамлекет менен социалдык контракт түзүү үчүн 8 миң 591 аз камсыз болгон үй-бүлө арыз берген. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Социалдык контрактты социалдык паспорту бар, же “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алган жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр түзө алат. «Социалдык контракт» программасына катышуу жөнүндө чечим ыктыярдуу болуп саналат, эч кимдин үй-бүлөсүн өз ишин ачууга мажбурлоого укугу жок.

Эгерде үй-бүлө мамлекеттен бөлүнгөн 100 миң сомго өз бизнесин ачууну чечсе Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык бөлүмүнө арыз бериши керек. Бөлүмдүн кызматкерлери бизнес-планды жана социалдык адаптациялоо программасын түзүү боюнча, ошондой эле кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө түшүндүрмөлөрдү беришет.

 

Мурунку макалаМилиция, дарыгерлерге кол салгандарга жаза күчөтүлөт
Кийинки макалаАстанада ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларын тосуп алуу аземи өттү

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз