Башкы бетке Коом ӨКМдин курулуш иштериндеги мыйзам бузууларга кылмыш иштери козголду

ӨКМдин курулуш иштериндеги мыйзам бузууларга кылмыш иштери козголду

0
157

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин курулуш иштериндеги мыйзам бузууларга кылмыш иштери козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Ведомстводон маалымдашкандай, Аскер прокуратурасы тарабынан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде жана анын ведомстволук мекемелеринде табигый кырсыктардын алдын алуу жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин азайтуу максатында курулган объектилеринин сапаты боюнча текшерүүлөр жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгы менен Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча Капиталдык курулуш департаментине жана Сел жана суу ташкындарынан коргоо кызматына 6 прокурордук чара көрүү актысы келтирилип, алардын негизинде 1 млн 808 миң 427 сомду түзгөн мамлекетке келтирилген зыяндын орду толтурулду.

Мындан тышкары, курулуш иштеринин жүрүшүндө аныкталган одоно мыйзам бузуулар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу), 273-беренеси (Сапаты начар курулуш) жана 346-беренеси (Кызматтык жасалмачылык) менен кылмыш иштери козголгон.

Такталгандай, Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Каркыра айыл аймагындагы дамбаны курууда департаменттин жооптуу кызмат адамдары “Э” ЖЧКсынын өкүлдөрү менен алдын ала сүйлөшүп алышып, тийиштүү иш кагаздарына жалган маалыматтарды киргизүү менен курулуш иштеринин көлөмүн атайылап жогорулаткан. Анын натыйжасында мамлекетке 4 млн 330 миң сом өлчөмүндө зыян келтирилген. Кылмыш ишин тергөө учурунда материалдык зыян толугу менен мамлекеттин пайдасына кайтарылган.

Башкы прокуратура бул багытта иштер улантылып жатканын кошумчалады.

Мурунку макала10 миңден ашык дыйкан-фермерге насыя берилди
Кийинки макалаКыргызстанда 2,3 миң майыптыгы бар жарандар жумуш менен камсыздалды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз