Башкы бетке Экономика 10 миңден ашык дыйкан-фермерге насыя берилди

10 миңден ашык дыйкан-фермерге насыя берилди

0
249

“Айыл чарбасын каржылоо-12” долбоору аркылуу 10 миңден ашык дыйкан-фермерге насыя берилди.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, 1422 насыя өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча берилди. Ага жалпы 472 млн 390 миң сом каралды:

– “Айыл Банк” тарабынан 230 млн 810 миң сомго 707 насыя;
– “Элдик Банк” аркылуу 241 млн 580 миң сомго 715 насыя.

Мал чарбачылык категориясы боюнча жалпы 3 млрд 879 млн 799 миң сомго 9515 насыя берилди, анын иченен банктар боюнча:

– “Айыл Банк” аркылуу 1 млрд 860 млн 309 миң сомго 4626 насыя;
– “Элдик Банк” тарабынан 2 млрд 19 млн 490 миң сомго 4889 насыя берилди.

Жалпысынан 2 категория боюнча 4 млрд 352 млн 190 миң сомго 10 937 насыя берилди:

– “Айыл Банк” 2 млрд 91 млн 120 миң сомго 5333 насыя;
– “Элдик Банк” ААК 2 млрд 261 млн 70 миң сомго 5604 насыя.

Мурунку макалаКыргызстанда тогуз айда 1,5 миң тонна алма кагы экспорттолду
Кийинки макалаӨКМдин курулуш иштериндеги мыйзам бузууларга кылмыш иштери козголду

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз