Бишкекте 15-16-майда Өзбекстандын Кыргызстандагы кино күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Эки күнгө созулган кино күндөрүндө көрүүчүлөргө өзбек тасмалары “Россия” кинотеатрында акысыз көрсөтүлмөкчү.
Программасы:
– 15-май, саат 18:30 – “Абдулла Орипов” (реж. М.Эркинов);
– 16-май, саат 16:30 – “Стойкость” (реж. Р.Маликов), саат 18:10 – “Өзбек кызы” (реж. А.Бектурдиева) тасмалары тартууланат.
Кинолор көрсөтүлгөндөн кийин көрүүчүлөр авторлор менен тасманы талкуулоого мүмкүнчүлүк алышат.
Белгиленгендей, маданий иш-чара Кинематография департаменти, Кыргызстан кинематографисттер союзу, “Кыргызтасмасы” мамлекеттик киноборбору мекемеси жана Өзбекстандын маданият министрлигине караштуу Кинематография агенттиги менен биргеликте уюштурулууда.


