Башкы бетке Маданият Жалал-Абад шаарында «Санат» фестивалы өттү

Жалал-Абад шаарында «Санат» фестивалы өттү

0
1470

Күн мурун Жалал-Абад шаарында түрк тилдүү өлкөлөрдүн “Санат» фестивалы болуп өттү.

Иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова жана түрк тилдүү өлкөлөрдөн келген коноктор катышты.

7 өлкөнүн маданият кызматкерлеринин башын бириктирген “Санат» фестивалында улуттук аспаптардын коштоосунда маданият кызматкерлери жагымдуу ыр, күүлөрдү тартуулашып, Манас айтылды.

Эл аралык «Санат» фестивалы ЮНЕСКО тарабынан уюштурулуп, Өзбекстан, Кыргызстан жана Казакстанда өткөрүү пландалган.

Аталган фестиваль 16-майда Бишкек шаарында да өткөрүлөт. Андан ары Казакстанда улантылат.

Мурунку макалаОшто көрүүсү начар балдарга китептер жана окуу куралдар берилди
Кийинки макалаБишкекте Өзбекстандын кино күндөрү өтөт

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз