Башкы бетке Коом Кыргызстанда 13 миңге жакын ипотекалык батир курулууда

Кыргызстанда 13 миңге жакын ипотекалык батир курулууда

0
25

Учурда өлкө боюнча 12 миң 659 ипотекалык батир курулуп жатат. Бул тууралуу жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрү боюнча экспресс маалыматта айтылат.

Ага ылайык, “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААК тарабынан ишке ашырылып жаткан 2024-2030-жылдарга “Менин үйүм” турак жай программасынын алкагында ири көлөмдөгү турак жай курулушу жүрүп жатат.

2024-жылдын декабрь айында Бишкек шаарындагы “Мурас” турак жай комплексинде 510 батир пайдаланууга берилди. Аталган турак жай комплексинин курулушу 2023-жылдын жазында башталган. Комплекс масштабдуу долбоор, анда 39 блоктон турган 4 миң 754 батир курулат.

Ошондой эле 2024-жылдын декабрында борбор калаанын Скрябин көчөсүндө 7 блоктон турган көп кабаттуу турак жай комплекси пайдаланууга берилген. Комплекс 7 блоктон турат, алардын ар бири 15 кабаттуу, жалпысынан 549 батир курулган.

Мурунку макалаЧабандар кармап алган сүлөөсүндүн мыймыйына Ширин деген ат ыйгарылды
Кийинки макалаИзраиль менен ХАМАС ок чыгарбоо келишимине кол коюшту

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз