Башкы бетке Коом Чабандар кармап алган сүлөөсүндүн мыймыйына Ширин деген ат ыйгарылды

Чабандар кармап алган сүлөөсүндүн мыймыйына Ширин деген ат ыйгарылды

0
27

Ысык-Көлдө чабандар кармап алган сүлөөсүндүн мыймыйы эсиңиздеби? Ал Бишкектеги “Бугу эне” фондуна өткөрүлүп, учурда дарыланууда. Ага Ширин деген ат ыйгарылды.

Фонд мыймый 5-6 айлык экенин, нормадан эки эсе арык болуп, салмагы 4,3 килограмм эле болгонун айтышты.

“Сүлөөсүндүн мыймыйы чабандарга өзү келген. Энеси эмне болгону белгисиз. Анткени сүлөөсүндөр балдарын эки жашка чейин жанында алып жүрүп, жашоого үйрөтөт. Мыймый табиятта өз алдынча жашай алмак эмес”, — деп айтылат маалыматта.

Мурунку макалаБаткендеги Толукбай кенине абаны булгагандыгы үчүн айып салынды
Кийинки макалаКыргызстанда 13 миңге жакын ипотекалык батир курулууда

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз