Башкы бетке Рубрикасы жок Эдил Байсалов: Футбол бүт өлкөнү бириктирип, дем берет

Эдил Байсалов: Футбол бүт өлкөнү бириктирип, дем берет

0
1073

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасын сыйлоого арналган иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов катышты. 

Эдил Байсалов улуттук курама команданы, машыктыруучулар штабын жана футбол федерациясын акыркы жетишкендиктери менен куттуктады.

«Дүйнө чемпионатынын үчүнчү тандоо раундуна чыгуу учурда кыргыз футболунун тарыхындагы эң чоң жетишкендик болуп калды. Биз өз командабыз менен сыймыктанабыз. Футбол бүт өлкөбүздү бириктирип, шыктандырат. Мамлекет жетекчилигинин саясатынын ийгилигинин аркасында азыр Кыргызстанда улуттук курама команданы жогорку деңгээлде кармап турууга гана эмес, стадиондорду жана футбол аянтчаларын курууга, мектептерди ачууга, балдар жана массалык спортту өнүктүрүүгө ресурстар бар экендиги кубандырат», — деди ал.

Мурунку макалаАк үйдүн алдындагы жаңы фонтан ишке берилди
Кийинки макалаЧыңгыз Ахматов Ош облусунун прокурору болуп дайындалды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз