Башкы бетке Коом Р.Казакбаев Түркиянын финансы министри менен жолугушту

Р.Казакбаев Түркиянын финансы министри менен жолугушту

0
480

Кыргызстандын Түркиянын элчиси Руслан Казакбаев менен Түркиянын казына жана финансы министри Мехмет Шимшек менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу соода-экономикалык кызматташуунун учурдагы жана келечектеги маселелери талкууланды.

Өзгөчө көңүл эки тараптуу Өнүктүрүү фондун түзүүгө, жашыл экономика тармагындагы долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга, ошондой эле жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги алдыдагы иш сапарлардын алкагында эки тараптуу макулдашууларды даярдоого бурулду.

Руслан Казакбаев Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы банктар аралык кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн өзгөчө белгиледи.

Жолугушуунун соңунда тараптар тыгыз байланыштарды сактап, талкууланган бардык маселелер боюнча активдүү өз ара аракеттенүүнү улантууга макулдашты.

Мурунку макалаЫсык-Атада машина-трактордук станция ачылды
Кийинки макалаКыргыз темир жолунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чара болуп өттү

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз