Башкы бетке Экономика Мамлекет аялдар ишкердигин колдойт

Мамлекет аялдар ишкердигин колдойт

0
43

Президент Садыр Жапаров “Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 4-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты жана милдети аялдар ишкердигине болгон мамлекеттик колдоону күчөтүү, анын ичинде финансылык жеткиликтүүлүктү кеңейтүү жана Кыргыз Республикасынын экономикасында аялдардын иш менен камсыз болуу деңгээлин жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү.

Мыйзам ишкердик субъектилери болуп саналган ишкердик иш-аракетти караган “аялдардын ишкердиги” аныктамасын киргизүүнү белгилейт, алар:

– ишкердикти жеке ишкер катары жүзөгө ашырган аял;

– акцияларынын же катышуу үлүшүнүн 51%дан кем эмеси аялга (аялдарга) таандык, жана штаттык кызматкерлеринин 51%дан кем эмесин аялдар түзгөн, Кыргыз Республикасынын аймагында катталган, коммерциялык ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жак.

Мурунку макалаБазар-Коргондо пара алып жүргөн салыкчы кармалды
Кийинки макала«Өлкөлөрдүн кандайдыр бир кадамдарга барышы күмөн». Глобалдык көйгөй

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз