Башкы бетке Илим Бишкекте алыш бел боо күрөшү боюнча эл аралык турнир өтөт

Бишкекте алыш бел боо күрөшү боюнча эл аралык турнир өтөт

0
1352

Бишкекте алыш бел боо күрөшү боюнча эл аралык турнир өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет.

Баяман Эркинбаевдин жаркын элесине арналган мелдеш 28-29-апрель күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өтөт. Ага Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Индия, Түрменстан, Нидерланд жана Афганистан өлкөлөрүнөн келген 120дөн ашык спортчу катышат.

Жалпы байге фонду 1 млн сомду түзөт.

Катышуучулар төмөнкү салмакта күч сынашат:
• Эркектер арасында (класикалык жана эркин стиль): 60, 70, 80, 90, 100, +100 кг.
• Кыз-келиндер арасында (эркин стиль): 55, 60, 65, 70, 75, +75 кг.

Мурунку макалаАкылбек Жапаров: “Тоголок жетим балдарга 500 миң сомдон беребиз”
Кийинки макалаИслам Халиловго ыраазылык билдирүү уланууда

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз