Башкы бетке Рубрикасы жок Ысык-Көлдө төрт мектептин курулуш иштери кызуу жүрүүдө

Ысык-Көлдө төрт мектептин курулуш иштери кызуу жүрүүдө

0
528

Дүйнөлүк Банк тарабынан каржыланган “Кыргызстанда жаратылыш кырсыктарынын тобокелдиктерине туруктуулукту жогорулатуу” (ERIK) долбоорунун алкагында 2024-жылы Ысык-Көл облусунун төмөнкү мектептеринде жаңы имараттарын курулушу башталды.

Алар:

  • Түп районунун Шаты айылындагы Д.Молдогазиев атындагы №8 мектеби;
  • Ак-Суу районунун Боз-Учук айылындагы М.Чокуев атындагы мектеп;
  • Ысык-Көл районунун Ж.Бейшекеев айылындагы Ж.Бейшекеев атындагы мектеп;
  • Ак-Суу районунун Токтогул айылындагы А.Сыдыкбеков атындагы мектеп.

Жаңы курулган мектептер жер титирөөлөргө  туруштук берет, электр энергиясын үнөмдүү сарптайт. Ошондой эле ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт жана санитардык-гигиеналык шарттарын камтыйт.

Имараттын короосу да көрктөндүрүлүп, видеобайкоо системалары коюлат жана тышкы мектеп инфраструктуралары орнотулат.

Мектептер заманбап илимий методология боюнча тандалып алынган. Тандоо критерийлерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Дүйнөлүк банк биргелишип иштеп чыккан. Тандоонун негизги талаптарынын ичинен участоктун сейсмикалык тобокелдиги, имараттын аялуу даражасы жана мектептеги окуучулардын саны эске алынган.

Жалпысынан долбоордун алкагында Кыргызстан боюнча Дүйнөлүк банктын финансылык колдоосу менен 40 мектеп курулат жана реконструкцияланат. Тандалып алынган мектептерде санитардык-гигиеналык жагдайды жакшыртуу иш-аракеттери  жүрүп, ички дааратканалар орнотулат.

Мурунку макалаБишкекте студенттер 5-6-ноябрда аралыктан окушат
Кийинки макалаЖайкы дөңгөлөктөр менен жүргөндөр Бишкек – Ош жолундагы посттордон өткөрүлбөйт

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз