Башкы бетке Коом Бишкекте студенттер 5-6-ноябрда аралыктан окушат

Бишкекте студенттер 5-6-ноябрда аралыктан окушат

0
449

Бишкекте 5-6-ноябрь күндөрү бардык билим берүү мекемелери аралыктан окутууга өтөт. Бул тууралуу  Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай чечим Түркия президентинин, Венгрия премьеринин Бишкекке болчу сапары жана ордо калаада өтчү Түрк мамлекеттер уюмунун саммитине байланыштуу кабыл алынган.

Эске салсак, 6-ноябрда борбор калаада Түрк мамлекеттеринин уюмунун кезектеги он биринчи саммити өтөт.

Саммитке уюмга мүчө беш мамлекеттин – Түркия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын башчылары катышат.

Мурунку макалаСокулуктагы ата мекендик ишкана жылына 1 млн. жуп бут кийим чыгарууну көздөөдө
Кийинки макалаЫсык-Көлдө төрт мектептин курулуш иштери кызуу жүрүүдө

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз