Башкы бетке Министрлер кабинети «Дордой» базарында 1,5 миң тоннадан ашык эндиктин тамыры табылды

«Дордой» базарында 1,5 миң тоннадан ашык эндиктин тамыры табылды

0
509

«Дордой» базарында 1,5 миң тоннадан ашык дары чөп аталган эндиктин тамыры табылды.

Аны Бишкекке кагаз коробкаларга салып алып келишкен. Жараталыш министрлиги өсүмдүктөрдү мыйзамсыз ташып чыгууга жана жок кылууга бөгөт коюу боюнча иштер күчөтүлгөнүн эскертти.

Баса, министрлер кабинетинин «Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн айрым түрлөрүн пайдаланууга убактылуу тыюу (мораторий) салуу жөнүндө» токтому кабыл алынган.

Ага ылайык, элдик медицинада дарылыгы бар деп эсептелген беш чөптү чогултууга болбойт. Анын арасында эндиктин тамыры дагы бар.

Мурунку макалаБүгүнкү доллардын курсу
Кийинки макалаДинара Кемелова Дүйнөлүк банктын өкүлчүлүгүнүн башчысы Хью Ридделл менен жолугушту

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз