Башкы бетке Коом Эми ички каттамдарда санарип паспорт менен уча аласыз

Эми ички каттамдарда санарип паспорт менен уча аласыз

0
1203

Эми кыргызстандыктар өлкөнүн ичинде санарип паспорттор менен уча алышат. Бул тууралуу «Манас» эл арлык аэропорту» ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов билдирди.

«Урматтуу «Манас» эл аралык аэропортунун жүргүнчүлөрү! Эми санарип ID паспорт менен Кыргызстандын ички каттамдарында учууга болот. Ички каттамдардын жүргүнчүлөрү Tunduk мобилдик тиркемеси аркылуу санарип ID паспортун көрсөтүү менен тоскоолдуксуз уча алышат.

Ошондуктан, эгер паспортуңузду унутуп калсаңыз, тынчсызданбаңыз, Tunduk сизге жардамга келет! Google Play жана App Store`дон Tunduk тиркемесин көчүрүп алыңыз», — деп жазды ал.

Мурунку макалаА.Жапаров Ош мамлекеттик университетинин студенттерине лекция окуду
Кийинки макалаЧоң батир жана үй ээлери үчүн жылуулукка тариф көтөрүлдү

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз