Башкы бетке Рубрикасы жок Акылбек Жапаров: “Тоголок жетим балдарга 500 миң сомдон беребиз”

Акылбек Жапаров: “Тоголок жетим балдарга 500 миң сомдон беребиз”

0
1224
Мамлекет аз камсыз жакыр үй-бүлөлөргө 100 миң сомдон берип баштаган. Өткөн эки жылда 12 800 үй-бүлө алса, быйыл 20 000 үй бүлөгө каражат бөлүндү. Мамлекеттин колдоосун алгандардын 99%ы жакырчылыктан арылып, өз алдынча бизнес долбоорлорун ийгиликтүү ишке ашырып жатат.
Эми тоголок жетим балдарга дагы 500 миң сомдон банк эсебине салынып, бала 18ге чыкканда колуна берилет. Бул тууралуу МинКаб төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Азыркы күндө өлкөдө 1868 тоголок жетим бала бар, алар үчүн бул жылдан тарта 270 миллион сом банктарга депозитке жөнөтүлөт.
Балдар үйүндө тарбияланган балдар, 18ге чыккандан кийин кам көрүлбөй, уурулук, кылмыш же сойкулук менен алектенип кеткен фактылар көп катталган. Мамлекет аларга көңүл бурчу эмес. Экономикабыз оңолуп, мамлекетибиз кубаттуу болуп калды, мынтип колдоого муктаж коомдун катмарына көңүл бурулуп жатат.
Мурунку макалаПрезидент жылуулук менен камсыздоо объекттерин жергиликтүү бийликке өткөрүп берүүнү тапшырды
Кийинки макалаБишкекте алыш бел боо күрөшү боюнча эл аралык турнир өтөт

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз