Башкы бетке Экономика Жыл башынан бери Соцфонддун кирешеси 58 млрд. 177 млн. сомду түзгөн

Жыл башынан бери Соцфонддун кирешеси 58 млрд. 177 млн. сомду түзгөн

0
750

Жыл башынан тарта Соцфонддун кирешеси 58 млрд. 177,7 млн. сомду түздү. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, алдын ала жыйынтыктар боюнча бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5 млрд. 413 млн. сомго көп.

“2024-жылдын 6 айында камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүүсү 37 млрд. 180 млн. сомду түзүп, бул пландык тапшырмадан 114,2%га көп чогулган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 117,6%га көбөйгөн. Башка кирешелер боюнча айтсак, туумдардан, айыптардан, пайыздардан жана дивиденддерден 877,8 млн. сом алынып, бул өткөн жылга салыштырмалуу 420,8 млн. сомго өстү”, – деди ал.

Мурунку макалаБишкекте ачык асман алдында музыкалык кечелер өтөт
Кийинки макалаМинКаб мамлекеттик органдарынын ишине баа берди

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз