Башкы бетке Рубрикасы жок МинКаб мамлекеттик органдарынын ишине баа берди

МинКаб мамлекеттик органдарынын ишине баа берди

0
618

Министрлер Кабинети 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Иш-аракеттер планын ишке ашыруунун жыйынтыгын чыгарды.

Биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча 2024-жылга карата Пландын аткарылышын талдоонун жана мониторингдин жыйынтыгында төмөндөгүдөй жыйынтыктарды көрсөттү:

— “эң жакшы” деген баа менен – 7 мамлекеттик орган (2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча 11 мамлекеттик орган “эң жакшы” деген баа алган);

— “жакшы” рейтинги менен – 7 (2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча 8 мамлекеттик орган “жакшы” деген баа алган);

— «канааттандырарлык» деген баа менен — 3 (2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча 4 мамлекеттик орган «канааттандырарлык» деген баа алган);

— “канааттандырарлык эмес” деген баа менен – 4 (2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча 2 мамлекеттик орган “канааттандырарлык эмес” деген баа алган).

Жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча баалоого биринчи жарым жылдыкта 3 баллдан аз балл алган мамлекеттик органдар киргизилген эмес.

Белгилей кетсек, Министрлер Кабинетинин Иш-аракеттер планын аткаруунун деңгээлин баалоо методикасын киргизүү стратегиялык жана масштабдуу милдеттерди ишке ашырууда министрликтер менен ведомстволордун өз ара аракеттенүүсүн жана алардын жоопкерчилигин жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Пландын аткарылышын талдоо жана мониторинг жүргүзүү туруктуу негизде жүзөгө ашырылат, андан кийин Кыргызстандын министрликтерине жана ведомстволоруна Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-майындагы № 272 тескемеси менен бекитилген методикага ылайык баа берилет.

Баалоонун кийинки этабы 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча декабрь айында жүргүзүлөт.

Мурунку макалаЖыл башынан бери Соцфонддун кирешеси 58 млрд. 177 млн. сомду түзгөн
Кийинки макалаТалант ЖЕКШЕНОВ: “Ата мурас Ала-Арча кыргызга кызмат кылат”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз