Башкы бетке Коом Бишкектин 8-кичи районунда ысык суу жана жылуулук берүү убактылуу токтотулду

Бишкектин 8-кичи районунда ысык суу жана жылуулук берүү убактылуу токтотулду

0
205

Бишкектин 8-кичи районунда ысык суу жана жылуулук берүү убактылуу токтотулду.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн, 4-декабрда оңдоо иштерине байланыштуу саат 09:00дөн 18:00гө чейин 8-кичи райондогу №1, 8/1, 9, 10, 11, 12, 12/1, 14, 15, 16, 17, 18, 19, 20, 28, 40-үйлөрдө Чалдовар көчөсүндөгү №91, 91А, 91Б үйлөрдө, Байтик баатыр көчөсүндөгү №1, 1А, 1Б, 3, 3А, 3Б, 3В, 3Г үйлөрдө, КММАнын жатаканалары, — 1-2-корпустар, №142 жана №180 бала бакчаларда, «Газпром» объектисинде жылуулук жана ысык суу болбойт.

«Оңдоо иштерин саат 18:00гө чейин аяктоо жана жылуулук менен ысык суу берүүнү калыбына келтирүү пландалууда», — деп айтылат маалыматта.

Бишкек мэриясы жарандардан убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

Мурунку макалаПрезидент кыргызстандыктарды “Манас” эпосунун күнү менен куттуктады
Кийинки макалаБашкы прокурор Баткен облусунун тургундары менен жолугушту

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз