Башкы бетке Рубрикасы жок Нарында жалпы 19 чакырым жолго асфальт төшөлдү

Нарында жалпы 19 чакырым жолго асфальт төшөлдү

0
384

Нарын облусунун аймагында жалпы 19 чакырым жолго асфальт төшөлдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда төмөнкү тилкелерде жумуштар кызуу жүрүүдө:

  • Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айылындагы Куртка – Соң-Көл унаа жолунун 2 чакырымына асфальт төшөө үчүн жолдун негизин даярдоо иштери жүрүп жатат.
  • Баетов – Макмал жолунун 8,5-9-чакырымдар аралыгында жолду тегиздөө иштери аткарылды.
  • Казарман – Ак-Тал – Чат унаа жолунун 3-чакырымына суу өтүүчү түтүкчө орнотулуп, 3-5-чакырымдар аралыгында асфальт төшөө үчүн жер иштери жүрүүдө. Белгилей кетсек, буга чейин Ак-Тал – Чат – Жогорку-Май унаа жолунун 3 чакырымына асфальт төшөлгөн.
  • Чар – Ак-Муз унаа жолунун 1-3-чакырымдар аралыгына асфальт төшөлүүдө.

Ошондой эле Кочкор районунда Чу дарыясы аркылуу өткөн Кочкор – Коммунизм көпүрөсүнүн курулуш иштери башталды. Көпүрө иштери менен катар райондук оорукананын аймагына да асфальт төшөө иштери жүрүп жатат.

Мурунку макалаНарында эт фестивалы өтөт
Кийинки макалаБишкекте дагы бир жаңы гүл бакча пайда болот

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз