Башкы бетке Коом Бишкекте дагы бир жаңы гүл бакча пайда болот

Бишкекте дагы бир жаңы гүл бакча пайда болот

0
333

Бишкек шаарындагы Медеров көчөсү менен 7-апрель көчөсүнүн кесилишине жаңы сквер курулууда. Бул тууралуу маалымат мэриянын сайтына жарыяланды.

Учурда жашылдандыруучулар бул «Жашыл» долбоордун үстүндө иштеп, 2-күнөсканада өстүрүлгөн көк майсандарды отургузушууда. Буга чейин скверге жалбырактуу жана ийне жалбырактуу бак-дарактар: катальпа, эмен, карагай отургузулган.

Мындан тышкары, жашылдандыруучулар тротуарды жасап, асфальт төшөп, жергиликтүү тургундардын ыңгайлуулугу үчүн отургучтарды орнотушту.

Белгилей кетсек, ишкананын суу чарба кызматкерлери тарабынан автоматтык сугаруу системасы орнотулган. Ошондой эле атайын техниканын жардамы менен да сугаруу иштери жүргүзүлөт.

Мурунку макалаНарында жалпы 19 чакырым жолго асфальт төшөлдү
Кийинки макала«Бейиш эненин таманында» тасмасы Москвадагы кинофестивалда баш байгени жеңди

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз