Башкы бетке Коом Баку шаарында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелигине гүлчамбар коюлду

Баку шаарында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелигине гүлчамбар коюлду

0
108

 Баку шаарында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелигине гүлчамбар коюу аземи өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара улуу жазуучунун туулган күнүнүн астында Кыргызстандын Азербайжандагы элчилигинин демилгеси менен уюштурулду.

Иш-чарага Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Максат Мамытканов, ошондой эле эки өлкөнүн достук депутаттык топторунун жетекчилери: КР Жогорку Кеңешинин депутаты Саидбек Зулпуев жана Азербайжандын Милли Межлисинин депутаты Муса Гулиев катышты.

Элчилик тарабынан уюштурулган бул иш-чара Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине болгон терең урмат-сыйдын белгиси болуп, анын чыгармалары дүйнөлүк адабиятка жана Кыргызстан менен Азербайжандын маданий байланыштарын чыңдоого кошкон баа жеткис салымын дагы бир жолу баса белгиледи.

Мурунку макалаАкылбек Жапаров Евробиримдиктин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү менен жолукту
Кийинки макала18 жашка чейинки балдардын көрүүсүн текшерүү акысыз жүргүзүлөт

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз