Мурунку билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев 1,5 млн сомго айыпка жыгылды.
Бейшеналиев 22-апрелде чыккан райондук соттун өкүмүнө макул болбой, шаардык сотко даттанган. Бирок алар Биринчи май райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырды.
Ал “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча күнөөлүү деп табылган. Айып пулдан тышкары, мурунку министр мамлекеттик кызматта үч жылга чейин иштөө укугунан ажыратылды.
Эске салсак, Бейшеналиев жогорку окуу жайлардын бирине чет элдик студенттерди кабыл алуу үчүн 110 миң доллар пара алган деп 2022-жылдын сентябрында кармалган.


