Башкы бетке Рубрикасы жок Министр депутатты сотко берди

Министр депутатты сотко берди

0
866

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жокорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулун сотко берди.

Эске салсак, Жусупбек Коргонбай уулу парламенттин жыйынында акыркы күндөрү дарыгерлердин шалаакылыгынан каза болгондор көбөйүп жатканын айтып “Саламаттык сактоо министри А. Бейшеналиев уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар”,-деп сындаган.

“Далили жок эле айыптап, өзүн көрсөткүсү келген депутттар көп. Алар трибунада сүйлөгөн ар бир сөзү үчүн жооп бере тургандай болушу керек”,-дейт А. Бейшеналиев. Министр Коргонбай уулунун Ноокат районундагы ооруканага бир жигитти кызматка коюп берүүсүн суранганын бирок, ал депутаттын сунушун четке кагып койгонун кошумчалаган.

Мурунку макала“Терек-Таш” заводу ачылат
Кийинки макалаМал эмдөө башталды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз