Башкы бетке Коом Ак үйдүн алдындагы жаңы фонтан ишке берилди

Ак үйдүн алдындагы жаңы фонтан ишке берилди

0
1106

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, төрага Нурланбек Шакиев жана Жогорку Кеңештин депутаттары менен бирге Ак үйдүн имаратынын алдында жайгашкан фонтандын ачылышына катышты.

Фонтан көп убакыттан бери реконструкцияланган эмес; 2 айдын ичинде КР Президентинин Иш башкармалыгы тарабынан фонтанды реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлдү.

11 даана жогорку сапаттагы борбордук электр насостору, жарыктардын өңүн кезек кезеги менен алмаштырып турганга дистанттык башкаруу ситемасы, гранит каптоо орнотулду.
Акылбек Жапаров жаңыланган фонтан шаардыктардын жана борбор калаанын конокторунун сүйүктүү жайына айланаарын белгиледи.

Мурунку макалаЭнергетика министринин орун басары Бишкекке вице-мэр болду
Кийинки макалаЭдил Байсалов: Футбол бүт өлкөнү бириктирип, дем берет

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз