Башкы бетке Коом Ала-Тоодо ачылган алгачкы мамлекеттик мекеме

Ала-Тоодо ачылган алгачкы мамлекеттик мекеме

0
434

2024-жылдын 9-октябрында Кыргыз почтасынын түзүлгөнүнө 145 жыл болот. Тагыраагы, мындан туура 145 жыл мурун Пишпек шаарында биринчи почта бекети ачылган. Негизги транспорт жолдорунун боюнда жайгашкан жана алыскы аймактарды борбордук шаарлар менен байланыштырган почта бекеттери маанилүү роль ойногон. Почта эбегейсиз зор империянын ар кайсы булуң-бурчтарынын ортосундагы байланышты камсыз кылуу менен, маалымат берүүнүн жана посылкаларды жеткирүүнүн маанилүү каналы болуп калган.

Эгемен Кыргызстандагы почта байланышы

1991-жыл, Кыргызстан эгемен­дүүлүк алгандан бери Кыргыз почта кызматы олуттуу өзгөрүүлөргө учурап, жаңы мамлекеттүүлүктүн негизги элементтеринин бири болуп калды.

1993-жылы Кыргызстан Бүткүл дүйнөлүк почта уюмунун толук укуктуу мүчөсү болуп, бул башка өлкөлөр менен эл аралык почта байланышын түзүүгө мүмкүндүк берген.

1994-жылы “Кыргыз почтасы” мамлекеттик департаменти түзүлүп, бул өз алдынча почта уюму болууга маанилүү кадам болгон. Бул мезгилде документтер, ченемдик укуктук актылар жана эл аралык почта жөнөтмөлөрү үчүн тарифтер толугу менен кайра каралып чыкты, бул почта кызматынын сапатын жогорулатууга жана алардын кызмат көрсөтүү спектрин кеңейтүүгө мүмкүндүк берди.

Заманбап модернизациялоо

2000-жылдардын башында Кыргызстандын почта кызматы олуттуу модернизацияга дуушар болгон. Маалыматтык технологияларды киргизүү, процесстерди автоматташтыруу жана логистиканы оптималдаштыруу иштин  натыйжалуулугун жогорулатуу жолунда негизги кадамдар болуп калды.

2013-жылы “Кыргыз почтасы” Евразия экономикалык шериктештигинин (ЕврАзЭС) Почта биримдигинин курамына кирип, бул эл аралык почта алмашуу үчүн жаңы горизонтторду ачып, башка өлкөлөр менен байланышты бекемдеген.

Почта кызматкерлери күн сайын миңдеген жөнөтмөлөрдү сорттоп, кабыл алып, беришип, калкка маанилүү финансылык кызматтарды көрсөтүп келишет.

“Кыргыз почтасы” Ачык Акционердик Коому

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги №203 токтому менен “Кыргыз поч-тасы” мамлекеттик ишканасы 100% акциясын мамлекеттин менчигинде сактоо менен ачык акционердик коомго өзгөрүп түзүлдү. Почта байланыш башкармалыктарынын базасында «Кыргыз почтасы» ААК филиалдарынын тармагы түзүлгөн, бухгалтердик, салыктык жана башкаруучулук эсептин бирдиктүү эсептик принциптеринин негизинде почта байланышынын региондук түзүмдөрүн башкаруунун бирдиктүү системасы киргизилген. Учурда  «Кыргыз почтасы» ААК калкка социалдык мааниге ээ почта жана финансылык кызматтарды көрсөтүү менен толук өзүн-өзү актоо шартында иш алып барган стратегиялык субъект болуп саналат.

Бүгүнкү күндө, почта кызматы – бул кадимки почта бөлүмдөрү гана эмес. Бул заманбап санариптик технологиялардын чакырыктарына ийгиликтүү ыңгайлашып, дүйнө жүзү боюнча маалымат алмашуу-ну тездетүү менен өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө жардам берген бүтүндөй инфратүзүм.

Ошентип, почта тармагында динамикалуу өнүгүү жана жаңы деңгээлге чыгуу үчүн жаңы кадамдар жасалды, мисалы:

– дүйнөлүк рейтингде ийгилик:

2023-жылы “Кыргыз почтасы” ачык акционердик коому олуттуу ийгиликтерге жетишип, Бүткүл дүйнөлүк почта уюмуна (БДПУ) мүчө-өлкөлөрдүн арасында почтаны өнүктүрүү боюнча дүйнөлүк рейтингде 98-орундан 29-орунга көтөрүлдү;

– “Кыргыз почтасы” ачык акционердик коомунун чет өлкөдөгү өкүлчүлүгү:

Эстония, Латвия, Австрия, Германия сыяктуу өлкөлөрдө почта жөнөтмөлөрүн алмашуу үчүн чет өлкөлөрдө кампалар ачылган.

“Кашкар” эркин экономикалык аймагында өкүлчүлүк ачылды, ал эл аралык жөнөтмөлөрдү бир кыйла натыйжалуу иштетүүгө мүмкүндүк берет. Бул каттамды тейлөө үчүн биргелешкен транспорттук компания ишке киргизилди;

– трансчек аралык электрондук сооданы өнүктүрүү:

Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдуу
районунун ортосунда почта жөнөтмөлөрүн тез жылдыруу үчүн “жашыл коридор”  түзүү жөнүндө келишимге кол коюлду.

Бүгүнкү күндө “Кыргыз почтасы” ачык акционердик коомунун жетекчилиги электрондук сооданы кеңейтүүгө, логистикалык жана банктык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүүгө, ошондой эле санариптик дүйнөнүн керектөөлөрүнө ылайыкташтырылган почта кызматын жакшыртууга багытталган бир катар эл аралык долбоорлорду ишке киргизүү боюнча иштерди активдүү жүргүзүүнү  улантууда.

Бирок бир дагы заманбап технология адам ресурстарын алмаштыра албайт. Бүгүнкү күндө өлкөнүн почта бөлүмдөрүндө 3500дөн ашык (үч миң беш жүз) кызматкер эмгектенет, алардын негизги бөлүгүн аялдар түзөт. Жамаатта ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кызматкерлер да бар.

 “Кыргыз почтасы” ААКнун башкы директору Марат Черикчиев учурдан пайдаланып почта тармагында эмгектенген жалпы кызматкерлерге терең ыраазычылыгын билдирет.

Куттуктоо

“Кыргыз Туусу” гезити менен “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын кылымдык байланышы бар. “Эркин Тоо” (“Кыргыз Туусу” гезити жарык көргөн күндөн баштап (7-ноябрь 2024-ж) кыргыздын кыйырына жеткирген, ошол күндөн окурмандар менен редакцияны үзбөй байланыштырып келе жаткан –“Кыргыз почтасы” болуп эсептелет. “Кыргыз Туусу” басма үйү – “Кыргыз почтасы”  мамлекеттик ишканасынын кызматкерлерин 145 жылдык мааракеси менен куттуктайт жана ийгиликтерди каалайт.

Мурунку макалаБаткен облусунун 25 жылдыгына карата 25 объект ачылат
Кийинки макалаАскарбек АКЫЛБЕКОВ: «Күнүмдүк жашоодо почта кызматынын орду чоң»

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз