Башкы бетке Коом Милиция, дарыгерлерге кол салгандарга жаза күчөтүлөт

Милиция, дарыгерлерге кол салгандарга жаза күчөтүлөт

0
1381

Кыргызстанда күч органдарына, өз милдетин аткарып жаткан тарапка баш ийбегендерге кылмыш жазасын киргизүү сунушталууда.

Мыйзам долбоорун депутат Сүйүнбек Өмүрзаков демилгелеген. Документ азыр коомдук талкууда.

Демилгечи бейбаштык милиционерлер менен укук коргоо жана мамлекеттик органдардын беделине шек келтирерин айтып, өлкөнүн имиджин да бузарын белгилеген.

Депутат өз милдетин аткарган тез жардам кызматкерлерине, дарыгерлерге, өрт өчүрүүчүлөргө, сот аткаруучуларга жана жергиликтүү бийлик органдарына баш ийбей бейбаштык кылган учурлар бар экенин кошумчалаган.

Мындан улам ал төмөнкү жазаларды сунуштаган:

Бейбаштык жана бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүү үчүн жаза — 50 миң сомдон 200 миң сомго чейин айып пул же 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратуу;

Коомдук тартипти сактоодо аскер кызматкеринин талабына баш ийбегендиги үчүн 5000 сом өлчөмүндө айып салынат же 5тен жети суткага чейин камакка алынат;

Сот аткаруучуга баш ийбегендик үчүн — 3000 сом айып салуу же 40 саатка чейин коомдук жумушка тартуу;

Мурунку макалаТоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн
Кийинки макалаЭмгек министрлиги: «8,6 миңге жакын үй-бүлө 100 миң сом алууга арыз берди»

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз