Башкы бетке Рубрикасы жок Нарын шаарындагы коомдук жайларга акысыз интернет берилет

Нарын шаарындагы коомдук жайларга акысыз интернет берилет

0
863

Нарын шаарындагы коомдук жайларга акысыз интернет берилет. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, облус жетекчиси Алтынбек Эргешовдун демилгеси менен Нарын шаарын Wi-Fi шаарга айландыруу максатында “Смарт — Нарын — 24” долбоору ишке киргизилүүдө.

Бул долбоордун алкагында КМШ өлкөлөрүндө биринчи болуп Нарын шаарында коомдук жайларга акысыз интернет берилгени турат. Шаардагы 20 жеткиликтүү чекиттерде элге акысыз Wi-Fi түйүндөрү август айында таратылары мерчемделүүдө.

Аталган долбоорго Борбор Азия университетинин жана “Скай мобайл” компаниясы колдоо көрсөтүп жатат. Бүгүн, 22-июлда “Смарт — Нарын — 24” долбоорун ишке ашыруу боюнча 4 тараптуу меморандумга кол коюлду.

Мурунку макалаСадыр Жапаров Токтогул районунда «Кайнама» чакан ГЭСин ачты
Кийинки макалаКыргызстандын тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз