Башкы бетке Рубрикасы жок Жээнбек Кулубаев Кореянын элчиси Ким Кванджэны кабыл алды

Жээнбек Кулубаев Кореянын элчиси Ким Кванджэны кабыл алды

0
634

Бүгүн Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ким Кванджэны кабыл алды.

ТИМден билдиришкендей, тараптар кыргыз-кореялык өз ара аракеттенүүнүн маселелерин талкуулап, саясий байланыштарды үзгүлтүксүз жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти, ошондой эле Борбордук Азия-Корея Республикасы кызматташтык форумунун алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелери боюнча сын-пикирлер менен алмашты.

Жолугушууда Кыргызстан менен Кореянын ченемдик укуктук базасын чыңдоо маселелери да көтөрүлүп, түрдүү тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү каралды.

Мурунку макалаЖКда Эмгек кодексинин долбоорун талкуулоо боюнча парламенттик угуу өттү
Кийинки макалаАралыктан добуш берүүнүн шарттары

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз