Башкы бетке Министрлер кабинети Жыл башынан бери 3772 контрабандалык укук бузуулар жана кылмыштар катталган

Жыл башынан бери 3772 контрабандалык укук бузуулар жана кылмыштар катталган

0
1620

Жыл башынан бери Бажы кызматынын контрабандага каршы күрөшүү боюнча бөлүмдөрү тарабынан жалпы 741,8 сомдон ашык зыян аныкталып, бажы мыйзамдары чөйрөсүндө 3 772 укук бузуулар жана кылмыштар катталган. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, укук бузуулар боюнча ачылган 3 520 иштердин жыйынтыгы менен 26,4 млн. сом айып пул өндүрүлгөн. Укук бузуу иштери жана алдын алуу иш-чараларынын алкагындагы өндүрүлгөн бажы төлөмдөрүнүн суммасы 206 млн сомду түздү.

“Аныкталган кылмыш иштери боюнча 252 материалдар өткөрүлүп берилген. Алар боюнча мамлекеттик казынага 159,7 млн. сом өлчөмүндө зыяндын орду толтурулду. 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бул сумма 56,4 млн. сомго көп”, — деди ал.

Исабеков кошумчалагандай, медициналык жабдууларды мыйзамсыз алып келүүнүн 3 фактысы катталды. Мында 2 млн. сомдон ашык зыян аныкталып 494 320 сом өндүрүлгөн. Дары-дармек каражаттарынын 8 фактысы боюнча 73 млн. 922 миң сом зыян аныкталып, алар андан ары иликтөө жүргүзүү үчүн тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилген.

Мурунку макалаПрезиденттин Талас облусундагы өкүлү кызматынан бошотулду
Кийинки макалаЭдил Байсалов киноиндустрияны өнүктүрүү маселелери боюнча жыйын өткөрдү

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз