Башкы бетке Министрлер кабинети УКМК: Уюшкан кылмыштуу топ менен байланышы бар жаран кармалды

УКМК: Уюшкан кылмыштуу топ менен байланышы бар жаран кармалды

0
1376

Өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылыкка шектелип уюшкан кылмыштуу топ менен байланышы бар Кыргызстандын жараны кармалганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун колдоосу астында, алдоо жана коркутуу жолу менен С.Э. аттуу жарандын мүлкүн жана биргелешкен бизнестеги үлүшүн ээлеп алган КР жараны А.М.Т кармалып, тергөө абагына киргизилди.

Аны менен катар, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө жогорудагы А.М.Т. атуу жарандын Бишкек шаарынын аймагындагы аянты 3 гектардан ашык, баасы алдын ала эсептөөлөр боюнча 10 млн. долларды түзгөн муниципалдык жер тилкелерин мыйзамсыз жеке менчикке чыгарууга катыштыгы бар экендиги аныкталды.

Мындан тышкары, А.М.Т. криминалдык авторитет менен туугандык байланыштын артына жашынып, көзөмөлдөөчү органдарды коркутуу жолу менен муниципалдык жер тилкелерин пайдалангандыгы үчүн белгиленген 3 млн. сомдон ашык суммадагы ижара акысын кем баалап, төлөгөн эмес.

Учурда бул мыйзамсыз фактыларга тиешеси бар кызмат адамдарын жана башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Мурунку макала“Түндүк” тиркемесинен салык карызы тууралуу маалымкат алууга болот
Кийинки макалаПенсиялык жана социалдык камсыздандыруу жөнүндө эки мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз