Башкы бетке Рубрикасы жок Кыргыз-Түрк достугу ооруканасына Режеп Тайып Эрдогандын ысымы берилди

Кыргыз-Түрк достугу ооруканасына Режеп Тайып Эрдогандын ысымы берилди

0
707

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын кыргыз-түрк мамилелерин чыңдоого жана өнүктүрүүгө кошкон зор салымын таануу иретинде анын ысымы Бишкек Кыргыз-Түрк достугу мамлекеттик ооруканасына ыйгарылды.

Мындан ары медициналык борбор “Режеп Тайып Эрдоган атындагы Бишкек Кыргыз-Түрк достугу мамлекеттик ооруканасы” деп аталат.

Бүгүнкү күндө дарылоо мекемеси коммерциялык эмес уюм болуп саналат, анын ишмердүүлүгү дарылоо-диагностикалык иштин сапатын жакшыртууга жана жарандардын саламаттыгын коргоого багытталган.

Достук ооруканасы ачылгандан бери өлкөнүн калкы медициналык кызматтардын жогорку технологиялуу түрлөрүн алууга мүмкүнчүлүк алышты.

Медициналык борбордун түзүмү төмөнкүлөрдү камтыйт: медициналык тез жардам кызматы, анестезия бөлүмү, терапевттик бөлүм, гастроэнтерология, жалпы хирургия, пульмонология, жүрөк-кан тамыр хирургиясы, кардиология бөлүмдөрү, мындан башка поликлиника жана радиология бөлүмү.

Оорукана калкка медициналык кызмат көрсөтүүдөн тышкары, илимий иштерди да жүргүзөт.

Мурунку макалаСадыр Жапаров ТМУнун ички иштер министрлерин кабыл алды
Кийинки макалаПрезидент Садыр Жапаров Астанага барды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз