Башкы бетке Коом “Түндүк” тиркемесинен салык карызы тууралуу маалымкат алууга болот

“Түндүк” тиркемесинен салык карызы тууралуу маалымкат алууга болот

0
1376

Эми “Түндүк” мобилдик тиркемесинде мүлк салыгы (кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк) STI-19 жана салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча STI-20 карызынын жок же бар экендиги жөнүндө маалымкат алууга болот. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Муну менен бирге жарандардын ынгайлуулугу үчүн Мамлекеттик салык кызматынын 2 жаңы маалымкаты интеграцияланды, эми бул маалымкаттарды онлайн режиминде алууга мүмкүн.

Жаңы кызмат көрсөтүүлөр жарандарга маалымкаттарды алуу үчүн мамлекеттик органга кайрылууга убакыт коротпоого мүмкүндүк берет.

Күбөлүк Мамлекеттик салык кызматынан “Арыз – жооп” ыкмасы боюнча берилет. Арызды кароо мөөнөтү 2 жумушчу күнгө чейин созулат.

Мурунку макалаТоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн
Кийинки макалаУКМК: Уюшкан кылмыштуу топ менен байланышы бар жаран кармалды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз