Башкы бетке Рубрикасы жок КР Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

КР Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

0
522

Президент Садыр Жапаров “КР Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” КР мыйзамына кол койду.

Ушул мыйзам КР Жогорку Кеңеши тарабынан 2024-жылдын 27-июнунда кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзам жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган түзөтүүлөрдү карайт.

Мында, атап айтканда кабыл алынган мыйзам менен көрнөктөрдү, кулактандырууларды, прейскуранттарды жана башка көрсөтмөлүү маалыматтарды жайгаштыруу талаптарын бузгандыгы үчүн, автомобилдик жолдор тилкесинде уруксат документтери жок оңдоо-өндүрүштүк иштерди жүргүзүү үчүн жоопкерчиликтин катуурак чараларын, муниципалдык автомобиль жолдорунда жүрүүдө транспорт каражаттарынын салмак габариттик параметрлеринин белгиленген ченемдерин сактабаган, таштандыларды жана калдыктарды топтоо сыяктуу укук бузуунун кошумча түрүн, муниципалдык коомдук транспортто жол кире акысын жана багажды жеткирүүгө төлөбөгөн учурда чараларды көрүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өз компетенциясынын алкагында укук бузуулар жөнүндө иштердин айрым түрлөрүн кароого ыйгарым укуктарды берүү каралган.

Мурунку макалаКыргыз темир жолунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чара болуп өттү
Кийинки макалаМинКаб башчысы Чүй облусуна жумуш сапары менен барды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз