Башкы бетке Илим Бишкек мэри таэквондо боюнча дүйнөлүк чемпионаттын жеңүүчүлөрүн куттуктады

Бишкек мэри таэквондо боюнча дүйнөлүк чемпионаттын жеңүүчүлөрүн куттуктады

0
520

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев таэквондо боюнча дүйнө чемпионатынын жеңүүчүлөрү менен жолугушту. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Калаа башчы спортчулар командасын татыктуу сыйлыгы менен куттуктап, аларга спорттук рюкзактарды тапшырды.

«Бүгүнкү күндө шаарда спорттук объектилерди жандандыруу боюнча эбегейсиз чаралар көрүлүүдө. Д.Өмүрзаков атындагы стадион оңдолуп, «Алга» спорт комплекси курулууда. Биз бүгүн ушул нерселерди ишке ашырып жатабыз жана токтоп калууга ниетибиз жок. Биз спортту өнүктүрүп, жаштарыбыздын машыгып, чоң ийгиликтерге жетишүүсүнө шарт түзүп беришибиз керек», — деди мэр.

2024-жылы 28-30-июнь аралыгында Инчхон шаарында өткөн чемпионатка 15 өлкөдөн 800 спортчу катышкан. Кыргызстандын курама командасынан 5 спортчусу катышып, жыйынтыгында үч алтын, бир күмүш жана бир коло медалга ээ болушкан.

Мурунку макалаДенис Петрашов менен Кубанычбек Айбек уулу Кыргызстанга келишти
Кийинки макалаФутбол боюнча курама команданын гимнине сынак жарыяланды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз