Башкы бетке Илим Денис Петрашов менен Кубанычбек Айбек уулу Кыргызстанга келишти

Денис Петрашов менен Кубанычбек Айбек уулу Кыргызстанга келишти

0
487

Францияда өтүп жаткан жайкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандан барган суучул Денис Петрашов менен дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу Кыргызстанга келишти.

Аба майданынан кыргызстандык спортчуларды жана алардын машыктыруучуларын расмий тосуп алышты.

Суучул Денис Петрашов журналисттерге берген маегинде Олимпиада оюндарында жарым финалга чыгып, 14-орунга жайгашышы жаман эмес экендигин айтты.

“Алдыга умтулууга аракеттерди көрөбүз. Кыргызстанда бир аз эс алып, андан соң окуума кетем. Ошондой эле ал жактан машыгууларымды улантам”, — деди ал.

Париждеги Олимпиада оюндарынын дагы бир катышуучусу, дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу 66 кг салмак категориясында 1/16 финалда украиналык спортчуга жеңилип калганын, мындан ары да ийгиликтерге жетишүүгө умтула берерин белгиледи.

“Биз кетип жатканда даярдыктар жакшы болчу. Кыргызстандыктар бизди колдоп, президент Садыр Нургожоевич өзү узатып, бизден алтын күткөн. Биз колубуздан келген аракетти кылдык”, — деди спортчу.

Белгилей кетсек, Париждеги жайкы Олимпиада оюндары 26-июлда башталып 11-августка чейин өтмөкчү. Кыргызстандын 16 спортчусу сууда сүзүү, спорттук күрөш, жеңил атлетика, дзюдо жана бокс боюнча мелдештерге катышууда.

Мурунку макалаБишкекте бүгүндөн тарта №118 автобус каттай баштайт
Кийинки макалаБишкек мэри таэквондо боюнча дүйнөлүк чемпионаттын жеңүүчүлөрүн куттуктады

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз