Азербайжандын жүргүнчүлөрдү ташыган учагынын кыйрашынан улам ачылган көңүл айтуу китебине Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кайгысын тең бөлүшүү жана көңүл айтуу сөздөрүн калтырды.
![]()
“Кыргызстандын Министрлер кабинетинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Азербайжандын жарандарынын каза болгондугуна байланыштуу курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Ал эми жабыркагандардын бардыгынын тезирээк сакайып кетишин каалайм”, – деп жазган МинКаб төрагасы.

