Башкы бетке Коом Кар жааган аймактардын жолдору тазалып жатканы айтылды

Кар жааган аймактардын жолдору тазалып жатканы айтылды

0
88

Жол тейлөө ишканалары тарабынан жолду кар күрткүлөрүнөн тазалып, тынымсыз инерттик материалдарды себилип, жол жээктери кеңейтилип жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Сары-Булак-Арчалы-Оруктам автожолунун Аккыя участкасынын 10-15- чакырымында булактан чыккан суу жолдорду каптап кеткен. Учурда тоңуп калган муздар тазаланып, инерттик материалдар себилген. Ошондой эле жолдун 21-31-чакырымы автогрейдер менен тегизделүүдө.

Ал эми Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 290-291-293-чакырым аралыгында суу өтүүчү түтүкчөлөрдөгү муздар кол күчү менен чагылып, жол жээги тазаланып жатат. Кант-АБЗ унаа жолунда кырсыктарды алдын алуу максатында керектүү иштер аткарылууда.

Ошондой эле Он-Арча — Жаңы-Талап — Ашырма унаа жолу автогрейдер менен тегизделгүүдө. Арал-Миң-Куш жолунун 24-чакырымына чейин жана Кочкор-Арал-Төө-Ашуу унаа жолунун Үч-Арал-Кызыл-Ой тилкесинин 135-150-чакырымдар аралыгында шагыл жолду калыбына келтирүү үчүн кум-шагыл аралашмасын төшөө, тегиздөө иштери жүрүүдө.

Мурунку макалаАдылбек Касымалиев Азербайжанга барып көңүл айтуу китебине жазуу калтырды
Кийинки макалаПрезидент иш сапары менен Жалал-Абадга барат

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз