Башкы бетке Рубрикасы жок Садыр Жапаров Казакстанга иш сапары менен барат

Садыр Жапаров Казакстанга иш сапары менен барат

0
557

Президент Садыр Жапаров 17-сентябрда Казакстанга иш сапар менен барат. 

«Сапардын алкагында мамлекет башчысы Борбор Азия мамлекет башчыларынын жана Германиянын Федералдык канцлеринин экинчи жолугушуусуна катышат.

Тараптар регионалдык күн тартибинин актуалдуу маселелерин, анын ичинде өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө Борбор Азия регионунун Германия менен кызматташуусун кеңейтүүнү талкуулашат.

Ошондой эле президент Садыр Жапаров Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттеринин Германия ишкерлери менен жолугушуусуна катышат, Германиянын бизнес коомчулугу менен өзүнчө жолугушуу, ошондой эле Германиянын Федералдык канцлери Олаф Шольц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт», — деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.

Мурунку макалаБилим берүү министри тоо илимий борборлорунун иши менен таанышты
Кийинки макалаДогдурбек Чонтоев Кыргыз улуттук университетинин ректору болуп дайындалды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз