Башкы бетке Рубрикасы жок Берлинде «Манас – кыргыздардын баатырдык эпосу» китебинин бет ачары өттү

Берлинде «Манас – кыргыздардын баатырдык эпосу» китебинин бет ачары өттү

0
1413

Берлин шаарында КР Эл жазуучусу Бексултан Жакиевдин «Манас – кыргыздардын баатырдык эпосу» китебинин биринчи англис тилиндеги котормосунун бет ачары өттү. Иш-чара Кыргызстандын Германиядагы элчилиги тарабынан уюштурулду.

Элчиликтен маалымдашкандай, ага дипломатиялык корпустун, жарандык коомдун өкүлдөрү, ошондой эле Германияда жашаган мекендештер катышты.

Белгилей кетсек, «Манас» эпосу тууралуу китеп мекендешибиз Акылай Байматова тарабынан англис тилине которулуп, 2024-жылдын апрель айында «Бугу Пресс» басмаканасында жарык көргөн.

Иш-чаранын башында катышуучуларга Манас тууралуу видеоролик тартууланып, Германияда жашап жаткан жаш манасчы Турдубай уулу Нуртилек тарабынан Манас эпосунан үзүндү айтылды. Куттуктоо сөзүн Кыргызстандын Германиядагы элчилигинин кеңешчиси Айнура Турсумбаева, ошондой эле Берлиндеги Юнус Эмре институтунун директору Самет Каписиз сүйлөдү.

 

Мурунку макала«Улуу-Тоо» ресторанында уулангандардын саны 55 кишиге жетти
Кийинки макалаӨлкө аймагында сел жүрүү коркунучу жогору

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз